Токтогулда сарайдан өрт чыкты. 50 боо жүгөрү сабагы жана 40 түк чөп күйгөн

10:50, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Жээналиев көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 84 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 50 боо жүгөрү сабагы жана 40 түк чөп күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.