Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Жээналиев көчөсүндө болгон.
Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 84 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 50 боо жүгөрү сабагы жана 40 түк чөп күйгөн.