Бишкектин «Мурас-Ордо» конушунда жаңы мектеп курулат

09:57, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин «Мурас-Ордо» конушунда жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу мэриянын жыйынында маалым болду.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Ренат Айтымбетовдун айтымында, мектептин курулушу 2017-жылы башталган. Мектеп 550 орундукка ылайыкташтырылган. Мектептин курулуш иштерин аяктап, падаланууга берүү үчүн 126 миллион сом керектелүүдө.

Мектептин жалпы баасы 255 миллион сомдон ашуун каражатты түздү.