17:37
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек-Кара-Балта жолун куруу. 20,32 чакырым аралыкка асфальт бетон төшөлөт

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолун куруунун 4-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Кубатбек Боронов Сокулук жана Ак-Суу суулары аркылуу өткөн көпүрөнүн куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, Жайыл районунун Полтавка жана Новониколаевка айылдарында курулуп жаткан тилкелерди, ошондой эле жер өтмөктөрүнүн курулушун көрүп чыкты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы долбоордук тилкеге эки кат асфальт бетон төшөлүп, көпүрөлөр, чакан жасалма курулуштар, аялдамалар жана тротуарлар оңдолот.

Мындан тышкары алты жаңы жер өтмөгү курулуп, учурдагы төрт өтмөктү оңдоо ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнү жолдун түштүк тарабынан 3,7 чакырым жана түндүк тарабынан 1,8 чакырым асфальт бетондун төмөнкү катмары төшөлдү. Ошондой эле электр берүүчү линиялардын 205 жаңы тирөөчтөрү орнотулуп, 82 жерде суу түтүктөрүн куруу аяктады. Төрт көпүрөдө курулуш иштери уланууда (Жантай суусу, Сокулук суусу, Ак-Суу суусу, Ак-Суу сел нугу), Желамыш көпүрөсүндө иштер дээрлик аяктады.

Транспорт жана жолдор министри кошумчалагандай, 2019-жылы жер казуу иштерин аяктоо жана жалпы 20,32 чакырым аралыкка асфальт бетон төшөө пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби