Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Лейла Сусинаны издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз 17-мартта болжол менен саат 07:30дар чамасында Саадаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен узун, сары, көзү күрөң.
Кийимдери: Спорттук кийимчен (шымы кара, үстүндөгү кийими боз-жашыл) бутунда кара түстөгү ботинка.
Изделип жаткан кыздын кайда экенин билгендер болсо, Токмок шаардык ИИБнин күзөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: