01:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Талас облусундагы суу канал, театр. Төрага аймактагы бир катар мекемелерге барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы бир катар мекемелерге барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу «Сарымсак» суу каналынын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, аталган магистралдык каналдын узундугу 21,78 километрди түзүп, буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен 8,7 километринин оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн.

Каналдын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү сугат суунун коромжусуз пайдаланылышына шарт түзөт. Азыркы учурда аймактагы сугат жеринин аянты 1600 гектар, ал эми каналдын толук ишке киргизилиши менен сугат жерлеринин аянты 2 миң гектарга чейин кеңейет.

Төрага Дастанбек Жумабеков ирригациялык тармактарды жаңылоо жана өнүктүрүү айыл чарбасын колдоодогу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү компонент экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү тургундар Кара-Буура суу сактагычындагы суунун толтурулушуна байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Андан соң Төрага Кара-Буура районундагы «Семетей» кинотеатрынын абалынан да кабар алды. Белгилүү болгондой аталган маданий жайды оңдоп-түзөө үчүн 10 миллион сом керек. Дастанбек Жумабеков аталган маселенин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Талас облусунда иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бар.

Эң көп окулган жаңылыктар