Бишкек шаарына жалбырактуу дарактын 710 түп көчөтү отургузулду

15:19, 25 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жалбырактуу дарактардын жазгы көчөттөрүн тигүү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 
 
Өткөн аптанын ишемби күнүндө Бишкек шаарына жалбырактуу дарактын 710 түп көчөтү отургузулду. 
 
Маалыматка караганда, быйыл Бишкекке бак-дарактын 10 миң 428 түп көчөтүн отургузуу пландалууда. Анын ичинен 5 миң 84 түп жалбырактуу дарак, 2 миң 822 түп ийне жалбырактуу дарактар. Мындан тышкары 2 миң 522 түп бадал, 137 миң 750 даана кашаа сындуу өскөн бадал, 2 миллион 200 миң даана бир жылдык гүлдөр отургузулат.