Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

10:39, 25 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш айылында 3 баллга, Ай-Көл айылында жана Сүлүктү шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.