Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

09:20, 25 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Тоголок молдо, Васильев, Фрунзе, Шопоков, Чүй көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Жакыпов, Горький, Карасаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Байтик баатыр, Медеров көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 14:00гө чейин Огонбаев, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токтогул көчөсүнүн 37-үйүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жал кичи районунда;

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Арча-Бешик конушу, Чоң-Арык айылында.