Спортчу Дарья Маслова Ташкентте өткөн мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдешке 2 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан.
21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль менен кошо 12 миллион сум өлчөмүндөгү байгени жеңип алды. Аталган аралыкты ал 1 саат 12 мүнөт 30 секундда басып өткөн.