18:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эмилбек Каптагаев Бишкекти Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев Бишкектин аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазганын «Азаттык» билдирди.

Эмилбек Каптагаевдин пикиринде борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Өз билдирүүсүндө, ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген.

Саясатчынын бул билдирүүсүнүн алдына пикир калтырган колдонуучулардын айрымдары анын бул сунушун колдосо, башкалары таптакыр каршы болушкан.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду. 20-мартта казак парламенти өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нур-Султан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар