Жогорку Кеңештин депутаттары бир жума эс алууда болушат

15:09, 22 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бир жума эс алууда болушат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Эл өкүлдөрү 25-29-март аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат.

Белгилей кетсек, парламент үч айдан кийин кезектеги сессиясын жабат.