УКМК: Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе жоопко тартылат

14:03, 22 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Республика» партиясынын лидери келери менен камакка алынабы-жокпу ал азырынча белгилесиз.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, издөө жарыяланган эмес. 

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.