09:17, 22 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн «Көк бөрү» таймашында Тогуз-Торо районунун курама командасынын оюнчусу Байыш уулу Мирлан ооруканага түштү. Бул боюнча анын жакындары Facebook баракчасына жарыялады.
«Ага операция талап кылынат. 115 миң сом керек. «Көп бириксе көл болот, көл толкуса сел болот», демекчи Келиниздер, баарыбыз жапа тырмак жардам колун суналы», — деп жардам күтүшөт.
Улакчыга жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү телефондорго кайрыла алышат: 0707 144518, 0709 996370.