Россия кыргыз мигранттарына мунапыс жарыялады

09:03, 22 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Россия Кыргызстандын жарандарына 22-апрельге чейин миграциялык мунапыс жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Алардын маалыматында, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында «миграциялык мунапыс» жарыялады.

Ага ылайык РФнын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүү укугу берилет.

Белгилей кетсек, Россия буга чейин дагы Миграция кызматынын «кара тизмесинен» чыгууга кыргызстандыктарга шарт түзгөн.