04:18
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Өзбекстанда Ноорузга карата камактагы 44 адамга ырайым берилет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нооруз майрамына карата камактагы 44 адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 7 адам жазадан толук кутулса, 11и жаза мөөнөтүн өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мындан тышкары 12 адамдын жазасы жеңилдетилип, 13 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат. Жалпысынан мамлекет башчынын бул жарылыгы менен 30 адам абактан чыгат.

Ырайым бериле турган адамдардын экөөсү 60тан ашкан. Мындан тышкары алардын арасында беш аял бар.

Мунапыска илинген жарандардын 23ү тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышандыгы үчүн соттолгондор.

Эң көп окулган жаңылыктар