Президент чек арадагы абал боюнча күч түзүмдөрүн сынга алды

14:34, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Анда күч түзүмдөрүнүн маалыматы угулуп, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен сүйлөшүү боюнча айтып берди.

Президент чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

«Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле», — деп баса белгиледи президент.