10:27
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Нооруз-2019. Бишкекте «Улуттук баш кийимдер» аттуу фотокөргөзмө ачылды

Нооруз майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында «Кыргыздын улуттук баш кийимдери» аттуу фотокөргөзмө ачылды.

Аталган долбоор аркылуу шаар тургундары менен меймандары айымдардын жана эркектердин, ошондой эле жаш балдардын улуттук баш кийимдери калпак, элечек, шөкүлө, тебетей жана жоолуктан тарта алардын тарыхы тууралуу маалымат ала алышат. 

Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттиги, «Кийиз дүйнө» коомдук фонду жана Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулууда. 

Бишкек мэриясы эртеңки боло турган иш-чарага карата шаардын борборун жасалгалап жатат. Тазалыктын кызматкерлери аянтты жууп, тазалоодо.

Эске салсак, 21-март-Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар аянтта белгиленет. Анда шаар тургундары жана меймандары үчүн концерт тартууланмакчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар