«Кызды зордуктаган бала Риштан шаарында 9-класста окуйт. Анын апасы үйүндө жеке бала бакча ачып, зордукталган кыз ошол жакта тарбияланып жаткан. Апасы жеткинчектерди баласына калтырып, иштери менен көчөгө чыгып кеткен. Ал келгенде кыз реанимация бөлүмүнө жеткирилген болчу», — деп билдирди активист.
Риштан райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазжон Ганиев бул окуяны ырастап, аталган бала бакча мыйзамсыз иштеп жүргөнүн билдирди.
«Биз ошол эле күнү ал бала бакчага барып, абал менен тааныштык. Анда үй ээси бала бакчаны мыйзамсыз ачканы белгилүү болду. Анын үйүндө төрт бала тарбияланчу экен. Үй ээсинин кылмышка шектелген уулу камалды», — деди ал.