Алмазбек Атамбаев Эл аралык арбитраждык соттун судьясы болуп дайындалды

11:06, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык арбитраждык соттун судьясы болуп дайындалды. Бул тууралуу «Дело №...» гезити билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаев 344 арбитрдин тизмесинде 13-номурда катталган. Билдирүүгө ылайык, мурунку мамлекет башчы арбитраждык сот болуп бир жарым жыл мурда дайындалган. Аны 2017-жылдын ноябрында өткөн Эл аралык арбитраждык соттун жыйынында чакырып, арбитр болууну сунушташкан.

Белгилүү жактоочу Шамарал Майчиевдин айтымында, арбитр болуш үчүн сөзсүз эле юрист болуунун кажети жок. Башка чөйрөнүн адистери, курулуш, байланыш тармактары жана баалуу кагаздардын базарынын адистери арбитр боло алышат. Анын пикиринде, Алмазбек Атамбаевдин экономикалык иштерди кароо үчүн шыгы бар.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев азырынча талаш-тартыштардын бирине дагы катыша элек. Арбитраждык сотторго айлык каралган эмес, алар арбитраждык чогулган каражаттан гонорар алышат.