Бүгүн Казакстандын жаңы президентинин инаугурациясы болот

10:38, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 12:00дө Казакстан Республикасынын парламенттер палатасынын жыйыны менен биргеликте Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болот. Бул тууралуу news-front.info сайты жазды.

Эске салсак, кечээ Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткендиги туралуу маалымат тараткан.

Касым-Жомарт Токаев буга чейин Казакстандын Сенат парламентинин спикери болуп иштеп келген. Ал 1953-жылы 17-майда Алмата шаарында туулган. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. 1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде кызматкер катары ишке киришкен. СССРдин Сингапурдагы элчилигинде иштеген.