Нооруз-2019. Бишкектеги № 31 бала бакчанын жамааты майрамдык иш-чара уюштурду

10:06, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Бишкектеги Биринчи Май районуна караштуу №31 балдар бакчасынын жалпы жамааты Ноорузду утурлай майрамдык иш-чара уюштурушту.  Кыргыздын улуттук кийимдерин кийинишкен бала бакчанын жамааты балдарын жетелеп келген ата-энелерди музыканын коштоосунда сүмөлөк менен тосуп алышты.

Фото

Балдар бакчасынын кире беришине стол даярдап, улуттук тамак-аштарды коюшкан. Мындан тышкары улуттук кол өнөрчүлүк боюнча чакан көргөзмө уюштурушту. 

Бүгүн бала бакчанын тарбиялануучулары Ноорузга карата уюштурулган концертте өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунда учурда 200гө жакын бала тарбияланып, 20га жакын кызматкер эмгектенет.