09:29, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду Кыргызстан тарап бүтүрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы боюнча билдирүүсүндө айтты.
Жеңиш Разаковдун айтымында, Ак-Сай айылын айланып өткөн жолдун курулушу 2014-жылы макулдашылган.
«Ворух айылына барыш үчүн тажик жарандары Аксай айылынын ортосунан өтөт, Аксай айылынын сырты менен кетүүчү кошумча бир жол салып бергиле деген сөз болгон. Ал маселе 2014-жылы түзүлгөн тийиштүү протоколдо белгиленет, ал жолдун курулушу бүткөн, бир гана акырына чыгаруучу жумуштар бар, ошол жумушту да биз аягына чыгарабыз деп сүйлөштүк. Бирок ал жерде белгилеп кетиш керек, ал жердеги жумушту кыргыз тарап кылат, КР республикалык бюджетинин эсебинен кыргыз компаниясы тарабынан бүткөрүлөт, ал жерде маселе жок», — дейт ал.
Кыргызстан ошондой эле Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун дагы бүтүрөт.
Белгилей кетсек, өкмөт 18-март күнү Тажикстан менен чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча протоколго кол койгон.
Кечээ Баткен облусунун жаштары ал протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай, Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилип, Кыргызстандын Лейлек жана Баткен райондору анклавда калып калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.