08:51, 20 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы жөнүндө айтып берди.
«Биринчи маселе боюнча, белгилей кетишим керек, биз өтө терең талкуу жүргүзүп, тажик тарап дагы абдан түшүнүү менен кабыл алып жатат. Биринчиден, эки тараптуу ыкчам тергөө топторун түзүп, болгон окуялардын баарын тактоону тапшырдык. Бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын прокуратура жана Ички иштер министрликтери биргеликте иштеп жатышат. Бул топ эмне үчүн түзүлдү? Себеби ар бир тарап өз алдынча иштесе, ар кимиси өзүнүн версиясын чыгарып, ошондон улам бир жыйынтыкка келбей, талаш-тартыштар боло берет», — деди Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министрдин билдирүүсүндө, чек арадагы чатактар менен иштей турган туруктуу топ түзүлөт.
Андан тышкары, эки өлкөнүн айылдары өтө жакын жайгашкан аймактарда укук коргоо органдары биргелешкен күзөттөрдү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, өкмөт 18-март күнү Тажикстан менен чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча протоколго кол койгон.
Кечээ Баткен облусунун жаштары ал протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай, Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилип, Кыргызстандын Лейлек жана Баткен райондору анклавда калып калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.