Бишкекте «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

14:00, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жибек Жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан, Афганистан жана Россиянын элчиликтери катышат. Ар бир өлкө өзүнө бөлүнүп берилген күнү программасын элге таанытат.

Иш-чаранын максаты — интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек Жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү. Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот.

Интерактивдүү көргөзмө ушул жылдын 5-апрелинде башталып, 28-апрелге чейин уланат.