10:37, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында алкоголдук ичимдик ичип отурган 3 аял уруша кетип, алардын бири киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-мартта Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, каза болгон аял Пристань-Пржевальск аймагынын 31 жаштагы тургуну экенин аныкташты. Каза болгон аялдын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши жок болгону айтылууда.
Аталган кылмышка шектүү катары 2 аял кармалды. Алардын бири буга чейин соттолгону белгилүү болду. Маалыматка таянсак, 3 аялдын ортосунда уруш чыгып, шектүүлөр бирөөнү таш менен сабашкан.