Чүйдө 10 гектар аянтта куураган чөп өрттөндү

10:29, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 54-чакырымында 10 гектар аянтта куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылында дагы 6 гектар аянтта куураган чөп жана камыш күйүп кетти. Сокулук районунун Түс айылында 50 чарчы метрде куураган чөп жана 200 түк чөп өрттөндү.

Учурда аталган кырсыктардын эмне себептен келип чыккандыгы такталууда.