НТС телеканалынын директору болуп Миржан Балыбаев дайындалды

10:25, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

НТС телеканалынын директору болуп Миржан Балыбаев дайындалды.

Миржан Балыбаевдин талапкерлигин каналдын эмгек жамааты толугу менен колдогон.

Миржан Балыбаев НТСте 14 жылдан бери эмгектенип келет. Ал бүгүн, 19-мартта директорлук кызматка киришет.

Буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу 6-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси болуп шайланган.