USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Нооруз. Ош шаары майрамдык программаны жарыялады

10:03, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындаНооруз күнү сүмөлөк кайнатылат. Бул тууралуу каала мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кадыр түн» каадасы дагы уюштурулат.

21-март күнү саат 10.00дө шаардын борбордук аянтында «Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!» аттуу театралдашкан концерттик программа өтөт.

Андан соң Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, № 2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана «Көктөм» (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер болот.

Мындан сырткары, «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын «Сулайман-Тоо» № 1 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан элдик каада-салт боюнча иш-чара болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика