Эртең Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

13:29, 18 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең, 19-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн кабыл алынды.

«Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматына ылайык, алдыдагы 5 күн катары менен абанын температурасы 8 градустан жогору болот. Ага ылайык, 19-мартта жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт», — деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, 17-мартта мэриянын буйругуна ылайык Ош ЖЭБи жылуулук берүүнү токтотту.