15:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чаткал районундагы унаа жолдордо 1 суткада 3 жолу кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы унаа жолдордо 1 суткада 3 жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 16:30 чамасында Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымында (Капчыгай тилкеси) көлөмү болжол менен 2000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жолду тазалоого 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 6 кызматкер тартылып, саат 17:25те унаа жол ачылды.

Ошол эле күнү 18:00 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 90-чакырым аралыгында (Кең-Булуң тилкеси) көлөмү болжол менен 1000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жолду кар көчкүдөн тазалоого 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 6 кызматкер тартылып, саат 19:45те унаа жол толук тазаланып ачылган.

Саат 19:50 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-чакырым аралыгында (Кең-Булуң тилкеси) көлөмү болжол менен 1000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Унаа жол тазаланып, саат 21:05те ачылган.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар