Ырчы Аваз Акимов менен сүйүктүүсү Айдана Дека бош кошту

09:57, 18 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катары дагы бир ырчы түгөйлөргө толукталды. Ырчы Аваз Акимов менен сүйүктүүсү Айдана Дека бош кошту. Алардын үйлөнүү үлпөт тою Ош шаарында 16-мартта өттү. Анда алып баруучулук милдет тамашоучу Санжар Мыкыевге жүктөлгөн. 

Ырчылардын тоюна сахналаш кесиптештери келишкен. Алар баш кошкон эки жашка жакшы тилектерин айтып, ыр сунушту. 

Ырчы түгөйлөр Бишкек шаарында дагы той бере турганы маалымдалууда. 

Эске салсак, буга чейин Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурап, макулдугун алган. Ал «Айганыш», «Муйдусунан өбөйүн», «Ысык-Көлүм» аттуу ырлары менен таанымал.