Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды

09:21, 18 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мурдараак Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, өкмөт тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган.

Каттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учкан. Белгилей кетсек, каттам акысыз негизде ишке ашырылды.