17:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат: 6 жыл аралыгында кыргыз-тажик чек арасында 10 жаӊжалдуу окуя болду

Кыргызстандын коӊшу өлкөлөр менен чектешкен жерлериндеги, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаштуу участкаларды делимитациялоо дана демаркациялоо жаатындагы жумуштар кечеӊдеп жатат, тийиштүү чаралар өз деӊгээлинде жасалган жок. Өкмөт жана өкмөттөр аралык комиссиялар бул багытта көрүлө турган чараларды тездетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев фракция жыйынында билдирди.

«Акыркы 6 жыл аралыгында эле кыргыз-тажик чек арасында курал-жарак колдонулган 10 жаӊжалдуу окуя болду. Мындай кырдаалга өз маалында маани берилип, чек ара аймактарындагы талаш-тартыштар дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш. Мен өкмөт башчы менен кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөштүм. Ушу тапта вице-премьер-министр менен ички иштер министри андагы абал менен жеринен таанышып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тажик тарап дагы тийиштүү чараларды көрөт деген ойдобуз», — деди фракция башчысы.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14-март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума