17:42
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ошто ок атуучу куралды мыйзамсыз түрдө сактап жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында ок атуучу куралды мыйзамсыз түрдө сактап жүргөн жаран аныкталып, куралы алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБга калаанын тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тартип сакчылары «КО 91/30 М» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды жана анын ээсин аныкташты. Текшерүү учурунда куралдын ээси аны арыкка ыргытып жибергендигин айткан. билдирген. Аталган курал Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы мал базардын жанынан, арыктын ичинен табылган.



Эң көп окулган жаңылыктар