07:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутаттар 8-марттагы жүрүш боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат

Парламент 8-мартта өткөн жүрүштүн максаты жана анын уюштуруучулары тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угат.

Депутат Жылдыз Мусабекова 13-марттагы парламент жыйынында Борбор Азияда биринчи жолу гей-парад өткөнүн билдирип, жүрүштүн максаты тууралуу маалымат алуу үчүн парламентке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрүн чакырууну талап кылды. 

Анын бул демилгесин депутат Алмазбек Эргешов колдоп, Кыргызстанда мындай жүрүштөрдү өткөрүү туура эмес экенин билдирди. Төрага Дастан Жумабеков парламент укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, бирок эч кандай чечим кабыл албай турганын, анткени ал үчүн маселе алгач комитеттерде каралышы керектигин айтты.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Анда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Өз кезегинде бул көпчүлүк жарандардын кыжырын келтирген.

Бүгүн Бишкек мэриясынын алдында «ЛГБТны үгүттөөгө уруксат берген адамдын Бишкек шаарынын жетекчиси болууга укугу жок» деген жазуулардын коштоосунда мэр Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума