14:01, 13 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Нооруздун урматына дем алыш күндөр жылдырылбайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-мартта расмий дем алыш күн болот, 22-март жума кадимкики иш күнү болот.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар 22-мартты 16-март ишембиге жылдырууну сунушташкан. Бирок министрлик сунушту колдогон жок.