USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Жогорку Кеңеште желим жыттаган окуучулар үчүн санаркагандар бар

10:48, 13 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө көптөгөн окуучулар желим жытташат. Саламаттык сактоо министрлиги үгүт иштерин күчөтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта маалымат таратпай жатат.

«Окуучулардын айрымдары желим жытташат, ал тургай роликтер дагы бар. Балким муну билбей жасап аткандар бар, ден соолугуна сокку берип жатышат», -деди төрага. Ал кошумчалагандай, өлкөдө желимди сатууга тыюу салууга болбойт.

«Үгүттөө иштерин жүргүзүү керек. Саламаттык сактоо министрлиги желим ден соолукка кандай таасир бере турганы тууралуу ролик даярдасын. Балким, сатуучуларга өспүрүмдөргө желим сатпагыла деп кайрылсакпы», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика