Депутат: Иштебей жабык турган «Макмал» мекемесинде 130 киши иштейт

16:23, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

«Макмал» мекемесинде 130 киши эмгектенет. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев отун-энергетикалык комплекси жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жабылган мекеменин штатында 70 жумушчу иштейт. «Дагы 50 киши күзөтөт. Иштебей токтоп турган мекемеде 130 киши иштейт деп эсептелет. Бул эмне жеке жайбы?», -деди депутат.

Кожобек Рыспаевдин маалыматында, «Кыргызалтындын» аппаратынын штаты дагы кенен. «Аппаратта 120 киши иштейт. 4 жыл ичинде ишкана жетекчиси Алмаз Алимбеков тармакты реформалаган жок», -деди Кожобек Рыспаев.