Жалал-Абадда алгачкы жолу сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт

13:39, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда Нооруз майрамына карата 20-март күнү алгачкы жолу сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманбек стадионунда 40 казан асылып, сүмөлөк кайнатылат.

Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, учурда иш-чаранын сценарийи түзүлүп, уюштуруу тобу тарабынан талкууланууда.

Кошумчалай кетсек, бул жылы жергиликтүү бюджеттен Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.