Нооруз майрамынан тарта Бишкек-Алматы аба каттамы иштей баштайт

11:55, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

21-марттан тарта казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы Бишкек-Алматы аба каттамын ишке ашырат. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Алматы каттамы жумасына эки жолу аткарылат.

«Билет баасы бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу убактысы 30 мүнөткө созулат. Ошондой эле апрель айынан тарта Ош-Алматы аба каттамы ишке киргизилет», — деп жазылат маалыматта.