Нуржигит Кадырбеков Маданият министринин орун басары болуп дайындалды

11:48, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Фото

Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Буга чейин ал «Ыйман» фондун жетектеп келген.