Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду

11:24, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, Айнура Султанбаева аталган кызматта 2017-жылдын декабрынан тарта иштеп баштаган.