11:21, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов бүгүн «Саясий репрессиялардын себептери жана сабактары-2016-2017» аталыштагы жарандык форумда камакта жүргөн кезинде кыйноого кабылганын билдирди.
Анын айтымында, камакта 20 күн отурган.
«Мен кары кишимин, ооруларым көп. Бирок, мага дары-дармек беришкен жок. Туугандарым менен көрүшүүгө уруксат дагы берген эмес. Бул кыйноо», -деди ал. Дастан Сарыгулов кошумчалагандай, саясий репрессия дагы деле уланууда, бирок жабык түрдө.
Эске салсак, Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Аны 4 жылга соттоо (3 жылы шарттуу түрдө) чечими кабыл алынып, сот залынан эркиндикке чыгарылган. Былтыр февралда Бишкек шаардык соту Дастан Сарыгулов менен эксперт Эрнест Карыбековдон айыпты алып салган.