Бишкектин имамдары ишембиликке чыгышат

09:30, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин имамдары ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Маалыматка караганда, имамдарга жаз алды менен тазалык иштерин жүргүзүү тапшырылды. 

«Тазалык-Ислам динибиздин жүзү. Тазалыктын ар кыл жагы болот. Жүрөктүн тазалыгы, акылдын тазалыгы, ойдун тазалыгы жана дененин тазалыгы. Андыктан биз айлана-чөйрөнү тазалоого активдүү катышалы» -деди шаар казысы Садридин ажы Маджитов.