Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайларды издөө иши токтотулду

09:09, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайларды издөө иши токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-мартта изделип жаткандардын туугандары издөөнү токтотуу тууралуу арыз жазышкан.

Буга чейин, Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылганы кабарланган.