Ош шаарында 2 күн бою электр энергиясы жок болот

17:25, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

12-13-март күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын Өзгүр, Төлөйкөн айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.