Чүй облусунда биринчи жолу заманбап спорт аянтчасы курулат

14:48, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Чүй облусунда биринчи жолу заманбап спорт аянтчасы тургузулат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Токмок шаарынын тургуну Самат Бакасбеков билдирди.

Маалыматка караганда, 15-мартта Чүй айылында (Токмок) «Taiwan Fund for Children and Families» коомдук кайрымдуулук фондунун жаңы спорт аянтчасын куруу үчүн «мезгил капсуласы» салынуу иш-чарасы өткөрүлөт.

«Бул спорт аянтча Чүй облусунда биринчи жолу заманбап, бардык шарты менен салына турган имарат болмокчу. Аянтча фонддун атайын балдар үчүн арналган программасынын алкагында тургузулат», -деди шаар тургуну.