14:21
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кара-Сууда турак үй толугу менен өрттөндү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кызыл-Кошчу айылында үй толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Кулбаев көчөсүндөгү үйдө болгон. Анын кесепетинен аянты 110 чарчы метр, жыгач устундуу шифер жабылган үй толугу менен күйүп кетти.

Учурда өрттүн чыгышынын себеби такталууда.

Мындан тышкары Өзгөн районунун Чаңгет айылындагы 2 кабаттуу сарай өрттөндү. Анын кесепетинен сарай менен кошо 700 түк чөп толугу менен күйүп кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар