Акыркы 2 жылда мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулган

12:25, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков судьялардын XI курултайында айтты. 

«10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген. Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет», -деди президент.

Мамлекет башчы адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келгенин кошумчалады.